Жаңы коалицияга кирүүгө азырынча мурунку коалициядагы 3 фракция макул 

Парламентте жаңы коалиция түзүү процесси кызуу жүрүп жаткан учур. Азырынча 3 фракция: “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП (коалиция түзүү укугу берилген фракция) жаңы коалицияга кирүү чечимине келишти. Эскерте кетсек, мурунку “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы ушул 3 фракциядан турган. “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын чечими азырынча белгисиз. Буга чейин коомчулукта “жаңы коалиция мурунку курамда кайра түзүлүшү мүмкүн” деген божомол көбүрөөк айтылган. "Ата Мекен" фракциясы премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштады. "Ар-намыс" менен КСДП азырынча талапкер чыгара элек. "Ар-намыстан" депутат Анарбек Калматовдун өкмөт башчылыкка талапкер болуп чыгары айтылып, бирок фракция лидери Феликс Кулов фракция мындай чечим кабыл албаганын билдирди. Ал эми КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков болочок премьер-министр жумшак рейтинг менен эмес, жалгыз талапкер чыгаруу жолу менен шайлана турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан