Парламентте депутаттар КРнын Акыйкатчысын 3 тур менен шайлоону сунушташууда. Муну депутат Наталья Никитенко ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 25-марттагы жыйынында айтып чыкты. Никитенко акыйкатчылыкка талапкерди фракциялар гана көрсөтүшү керек деген пикирде.
“Ар бир талапкерге өзүнчө добуш берип, жыйынтыгында депутаттардын жарымынан көбүнүн добушун алган адам жеңүүчү болот. Бирок депутаттардын саны 50дөн ашык болушу керек”,- дейт депутат.
Мыйзам долбоору биринчи окууда комитетте колдоо тапты.