Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин отурумунда “КРнын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. |
Демилгечи депутаттар жергиликтүү конуштарга көмөк чордон коюуда жерди ижарага алуу талап кылынарын, муну токтотуу керектигин айтышты. |
Жер кодексинде "жер тилкелери мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн" деп жазылганына ылайык, бул бөлүк “энергетика” деген сөз менен толукталганы жатат. |
Мыйзам долбоорун 2-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды. |