Бүгүн, 26-мартта Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенге чейин министрлер кабинетин жетектейт. Тийиштүү жарлыкка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду.
Кечээ, 25-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев отставкага кетүүгө арыз жазган.