Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жаңы коалиция түзүү боюнча фракциянын негизги шарттарын КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековго жиберди.
Сунушта 10 пункт камтылганы белгилүү болду. Анда электр энергиясына бааны көтөрбөө, мамлекеттик кызматтарга жаш кадрларды тартууга жеңилдик берүү, чет жердеги кыргызстандыктарды коргоо өңдүү талаптар камтылган. “Ар-намыс” коалициялык көпчүлүк бузулбай туруп өкмөттү отставкага кетире алгыдай шарт түзүүнү да сунуштады.
Фракциясы койгон шарттарды депутат Дастан Бекешев интернет аркылуу “эч ким аткарбай турган күлкүлүү талаптар” деп атады.