Ырчы, куудул Кубик Калыков учурда кызы Айпери экөө 20 күндүк турне менен түштүк жергесине концерт коюп жүрүшөт. Бул тууралуу Кубик Калыков бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына маалымдады.
"Нооруз майрамына карата 20 күндүк турне менен түштүк жергесине концерт коюп жүрөбүз. Сүлүктү шаарынан башталган концертибизди Токтогул шаарынан жыйынтыктайбыз. Бүгүн турнебиздин 13-күнү, Базар-Коргон районунун борборуна концерт коёбуз. Андан соң Ноокен районуна, Кочкор-Ата, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларына, Шамалды-Сай шаарчасына, эң аягында Токтогул районунун борборуна концерт беребиз. Буюрса, элдин маанайы жакшы, жакшы кабыл алышууда",- дейт Кубик Калыков.