25-мартта Бишкекте япон тасмаларынын фестивалынын бет ачары болуп, ага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ катышты. Аземге бир топ көрүүчүлөр келген, алардын арасынан чет өлкөлүк меймандарды көрүүгө болду.
Фестивалдын максаты - япон элинин маданиятын Кыргызстанга тааныштыруу жана ортодогу алаканы чыңдоо.
Аталган иш-чарада 90-жылдардын ортосунда тартылган тасмалар тартууланат. Ачылышында алгач "Энеге жазылган эң кыска кат" аттуу тасмасы эл назарына коюлуп, япон тилинде орусча субтитр менен көрсөтүлдү. Мындан тышкары "Мектеп-2", "Суудагы август", “Гамера” жана башка япон фильмдери коюлмакчы.
Кошумчалай кетсек, фестиваль 27-мартка чейин созулат жана кирүү акысыз.