Ырчылар Анжелика, Арсен, Бегиш, Салтанат, музыкант Азамат Такырбашев жана башка бир катар шоу-бизнес өкүлдөрү социалдык видеожүгүртмө аркылуу жол эрежелерин бузган айдоочуларга "Адам бол! Тентектердей болуп айдаба! Шашпай эле айда, сен көзүңдү ачып, абайла! Жол-кайгуул кызматкерлеринен качпа, алар сени атпайт!" деп эскертүү жасашты.
Аталган чыгармада музыкант Азамат Такырбашев Жол-кайгуул кызматкеринин ролун аткарып, жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотууга аракет кылат. Бирок бири да анын тосконуна карабай өтүп кете беришет. Айласы кеткен ал "балким, музыкалык чыгарма аркылуу жеткирермин" деген ойдо сейил бакка барып ыр жаратат. Бул ыр ырчылар тарабынан ырдалып, чыгарманын аягында айдоочулар жол эрежесин сактай башташат.
"Бул видеожүгүртмөгө тартылууну мага "Топ-Таш" компаниясынын жигиттери сунушташты жана ошолор тарабынан тартылды. "Жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында тартылып жатат" дегенди угарым менен макул болдум. Анткени акыркы кезде Бишкек шаарында унаалардын саны көбөйүп, жол кырсыктары да көп катталууда. Негизи, биздин коомго мына ушул багыттагы видео-жүгүртмөлөр керек",- дейт айдоочуларга эскертүү жасагандардын бири ырчы Арсен.
Бул видеожүгүртмөгө тартылгандардын дагы бири ырчы Анжелика бул тууралуу "Чынында, акыркы кезде жол эрежелеринин сакталбагандыгынан улам жол кырсыктары көп катталууда. Муну баарыбыз көрүп, угуп, окуп эле жүрөбүз. Бул биздин, ырчылардын гана эмес, жалпы элдин үнү десек болот. Элдин кайсы бир катмарына жетет деген ойдомун",- деп ой бөлүштү.
Кошумчалай кетсек, бул чыгарма Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин демөөрчүлүгү астында тартылыптыр.