Таланттуу балдарды колдоп келген “Алые паруса” коомдук фонду, КРнын Президентинин алдындагы Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана КРнын Маданият, маалымат, туризм министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда балдар жана жаштар арасында “Дүйнө маданият аркылуу” аталыштагы көркөм окуу сынагы өткөрөт. Уюштуруучулар билдиргендей, сынак 31-марттан 15-июнга чейин созулат. Максаты - балдардын жана өспүрүмдөрдүн көркөм окуусуна коомчулуктун көңүлүн буруу жана таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо. Бул сынакка 6 жаштан 18 жашка чейинкилер катыша алышат. Алар ыр, жомок, очерк, повесттен логикалык аягы бар үзүндүлөрдү тандап алып, кыргыз, орус жана чет тилдерде көркөм окушат. Тематикалык жагынан тандоого эркиндик берилген.
Белгилей кетсек, аталган сынак Кыргызстанда 3-жолу уюштурулуп жатат.