Эсенгул Исаков: “Мамлекеттин муктаждыгы үчүн керектүү жерди ээсинен сурабай эле алып коюуга болот”

Мамлекеттин муктаждыгы үчүн керектүү жер тилкесин менчик ээсинен сурабай эле алып коюуга болот. Муну ЖКнын 26-марттагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков айтты. Депутаттын билдиришинче, мамлекетке керектүү жер алынгандан кийин, жер ээсине компенсация төлөнөт же ошол жерине тете болгон башка жер тилкеси берилет. Көмөк чордон куруу үчүн жер тилкелерин бекер берүү демилгесин колдой турганын айтты Исаков. 

Айта кетсек, парламентте көмөк чордон үчүн жерди бекер берүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан