Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-мартта өкмөттүн 2012-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматы угулуп, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лаврованын айтымында, бюджеттин жыйынды кирешелери 77 миллиард 601 миллион 100 миң сомду, жыйынды чыгымдары 71 миллиард 703 миллион 300 миң сомду түздү.
Эсептөө палатасы тарабынан 3 миллиард 568 миллион сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 2 миллиард 925 миллион сому кайра кайтарылууга жатат. Ал эми сарамжалдуу эмес пайдаланылган акча 1 миллиард 225 миллион сомду түздү. Башкы прокуратурага 266 иш өткөрүлгөн.