Жогорку Кеңеште БШК жетекчилигин кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби такталууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана анын орун басарларынын ишмердүүлүгүн токтотууну жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, иштеп жаткан мыйзамда БШК төрагасынын жана анын орун басарларынын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби камтылбай калган. Мыйзамдын БШК жетекчилери ыйгарым укуктары бүтө электе өз милдеттерин аткаруудан БШК мүчөлөрү бошотулган жагдайда бошотуларын караган беренеге тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

БШК төрагасынын жана анын орун басарларын башкы прокурордун сунушу менен же жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын сунушу менен ээлеген кызматтарынан бошотуу тууралуу жобо сунушталууда.

БШК жетекчилигин кызматтан бошотуу жөнүндө БШК чечими жалпы мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу кабыл алынмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан