Ош. Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын башчысы Төлөгөн Келдибаев кызматтан бошотулду

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын башчысы Төлөгөн Келдибаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Ал эми Жолчубек Жээнбаев өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буйрукка КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан