Иштен мыйзамсыз бошотулган кызматкер кайра ордуна келиши керек. Соттун чечиминен кийин жетекчи кызматкерди кайра мурунку ордуна ишке албаса, жооп бериши зарыл. Муну парламенттин 26-марттагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирди. "Соттун чечиминен кийин кызматкерди жетекчи ишке алсын" деген норма киргизип, бир мөөнөт коюп коюш керек. Эгер бул аралыкта кызматкер ишке орношпосо, анда жетекчиге чара көрүш керек",- деди депутат.
Айта кетсек, кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, мекеменин жетекчисине анын материалдык чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөтүү сунушталууда.