2013-жылы иштен мыйзамсыз бошотулган кызматкерлер үчүн мамлекет 80 миллион сом зыян тарткан

Кыргызстанда 2013-жылы иштен мыйзамсыз бошотулган кызматкерлер үчүн мамлекет 80 миллион сом зыян тарткан. Муну парламенттин 26-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Иштен мыйзамсыз айдалгандар боюнча эң көп Ички иштер министрлиги төлөп берген, 10 миллион сомдой төлөптүр. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун үчүн 2 миллион сом төлөнүптүр. Бир жылда мамлекет 80 миллион сом зыян тартып жатса, демек, мыйзамды кабыл алышыбыз керек”,- деди депутат. 

Айта кетсек, парламентте бүгүн кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, анын материалдык чыгымын мекеменин жетекчисине өз чөнтөгүнөн төлөтүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан