Алмамбет Шыкмаматов: “Жалкоо кызматкерди иштен айдаганы үчүн эмнеге жетекчи акча төлөп бериши керек?”  

Парламентте бүгүн, 26-мартта кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, анын материалдык чыгымын мекеменин жетекчисине өз чөнтөгүнөн төлөтүү сунушталууда. Мыйзам долбооруна юстиция министринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов каршы. “Эгер кызматкер ишке келбесе, келсе да мас болуп келсе, иш көбөйүп кеткенде шылтоолоп дарыланууга чыгып кеткен жалкоо кызматкерди иштен айдаганы үчүн эмнеге мекеме башчысы өз чөнтөгүнөн акча төлөп бериши керек? Сот ар кандай чечим чыгарып коёт. Кызматкер иштен мыйзамдуу бошотулса деле бир нерсе таап чыгышат. Мисалы, “Эмне үчүн “иштен бошотулду” эмес, “иштен айдалды” деп жаздыңар?” деген сыяктуу. Менимче, бул мыйзамды кабыл алуу туура эмес”,- деди Шыкмаматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан