"Кыргызстанда катышуучулар соттук отурумдарга толук келишпей, 10 миң иш каралбай сейфте жатат" дешти депутаттар    

Кыргызстанда катышуучулардын соттук отурумдарга толук келбегенинен улам 10 миңдей иш каралбай сейфте жатат. Муну бүгүн, 26-марттагы парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Айтымында, соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдетин тергөөчүлөргө жүктөө керек.

“Тергөөчүлөрдө катышуучулар тууралуу кенен маалымат болот, алардын даректерин жакшы билет. Соттук отурумдарга катышуучулар толук келбегендиктен, 10 миңдей иш прокурорлордун сейфинде жатат”,- деди депутат.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан