"2013-жылы Кыргызстандагы музейлерге жарым миллион көрүүчү кирген. Музейлерде өткөрүлгөн иш-чаралардан 6 миллион сом түшкөн" деп билдирди бүгүн, 26-мартта Улуттук статистика комитети.
Маалыматта айтылгандай, 2013-жылы өлкөбүздө 67 музей иштеп, аларга 565 миң көрүүчү кирген. Жалпысынан музейлерде 10 миң экскурсия, 1500 лекция жана 260тан ашык көргөзмөлөр өткөрүлгөн.