Талант Узакбаев: “Өкмөт өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын Жогорку Кеңештин комитеттеринин кароосунан өткөрүшү керек”  

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-мартта “КРнын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү маселеси каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири Талант Узакбаевдин билдиришинче, министрликтер менен мекемелер тарабынан кабыл алынып жаткан ченемдик-укуктук актылар Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосунан өтүшү керек. Анткени кабыл алынып жаткан документтердин айрымдары мыйзамга карама-каршы келүүдө.

“Мисалы, ветеринардык кызмат тарабынан кабыл алынган токтом менен жобо “Ветеринария жөнүндө” мыйзамга каршы келип калган”,- дейт депутат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери кадрдык саясатка кийлигишпей турганын, ыйгарым укуктар менен иш-милдеттер боюнча беренелер гана караларын кошумчалады ал.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келерин эске салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан