Парламентте бүгүн, 26-мартта кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, анын материалдык чыгымын мекеменин жетекчисине өз чөнтөгүнөн төлөтүү сунушталууда. Талкууда “азыр сотторго ишенич жок, мыйзамдуу бошотулган кызматкерди “мыйзамсыз бошотулган” деп чечим чыгарып бериши мүмкүн” деген пикир көп айтылды. Бөдөш Мамырова: “Иштегиси келбей калган кызматкер сатылма соттордун бирин таап алып, өзүнө чечим чыгартып алышы мүмкүн. Анда соттон башыбыз чыкпай калат”,- деп билдирди.
Депутат Нуркамил Мадалиев буга каршы. “Сотторго ишенбесек, анда сот системин жоюп эле салалы. Эмне кереги бар анда? Акыйкат чечимдер көп эле чыгат, айрым учурларда тескери жыйынтыктар болушу мүмкүн”,- дейт ал.
Юстиция министринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов депутат Мамырованын сөзүн колдоду.