Жогорку Кеңеште 3 фракция жаңы коалицияга кирүү боюнча өз шарттарын билдирди. Муну КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 26-мартта “Парламент” радиосунун түз байланышында айтты. Алар: “Ата Мекен”, “Ата Журт” жана “Ар-намыс” фракциялары. "Республикадан" азырынча жооп боло элек.
“Ар бир фракциянын башчылары фракциядагы депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Алар өз ара бир жыйынтыкка келгенден кийин фракция лидерлеринин сүйлөшүүсү болот”,- дейт Турсунбеков.
Айта кетсек, жаңы коалиция түзүү укугун президент парламенттеги КСДП фракциясына берген.