Эртең, 27-мартта Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын 3-чакырылышынын 16-сессиясы болот. Маалыматка ылайык, күн тартибинде 16 маселе каралат. Анын ичинде 2013-2014-жылдагы жылуулук берүү сезонундагы жетишсиздиктерди жана кемчиликтерди аныктоо жана жоюу, ошону менен катар кийинки иштерге даярдык көрүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.