Ушу тапта өкмөт башчы менен министрлердин курамы боюнча гана сүйлөшүү жүрүүдө. Мамлекеттик мекеме, ишканалардын жетекчилери тууралуу сөз болбойт, аларды дайындоо - премьер-министрдин укугу. Муну бүгүн, 26-мартта КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Парламент” радиосунун түз байланышында билдирди.
“Азырынча “Ата Мекен” фракциясы Жоомарт Оторбаевди премьер-министрлик кызмат ордуна өз талапкери катары атады. Андан башка да сунуштар түшүшү мүмкүн. Кыскасы, бардык фракциялардын бул жөнүндө пикири менен таанышып чыккандан кийин гана талапкер боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынат”,- дейт ал.
Турсунбеков өкмөт башчылыкка татыктуу адамдар көп экенин, бирок талапкер көпчүлүк коалицияга кирүүнү каалаган бардык фракциялардын колдоосуна ээ болууга тийиш экенин кошумчалады.