Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду камакта кармоо мөөнөтүн 2014-жылдын 27-майына чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун канцеляриясы билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган.