Чыныбай Турсунбеков: "Көпчүлүк коалициясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүмү ушул жылдын 11-апрелине чейин аяктайт"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 26-мартта “Парламент” радиосунун түз эфиринде «парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүмү ушул жылдын 11-апрелине чейин аяктайт» деп билдирди. Ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирүү сунушу КСДП фракциясы тарабынан башка фракциялардын баарына жөнөтүлгөнүн баса белгиледи.

Анын айтымында, азыркы тапта сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы жүрүүдө. Анда өкмөт башчы, өкмөт курамы боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Чыныбай Турсунбеков бирдиктүү позиция боюнча канчалык тез орто пикир табылса, ошончолук тез өкмөт кураларын кошумчалады.

Эске салсак, 2014-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КСДП парламенттик фракциясына коалиция курууга мандат тапшырган. “Ырыс алды - ынтымак” парламенттик көпчүлүк коалициясы “Ата Мекен” фракциясы көпчүлүктөн чыгуу чечиминен улам тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан