Данияр Тербишалиев: “Кыргызстандын тагдырын 5-6 гана адам көшөгө артында чечип жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев коалициялык көпчүлүктү түзүү, анын арты менен жаңы өкмөттү бекитүү системине каршы. Депутаттын билдиришинче, өкмөттү түзүү процесси коомчулукка ачык болушу шарт.

“Өкмөттүн тагдыры көшөгө артында 5-6 адамдын ою менен чечилип жатат. Мен буга каршымын. Премьер-министр боло турган адам сөзсүз эле парламенттеги фракциялардан болушу шарт эмес. Эмне, өлкөдө өкмөттү жетектеп кете турган татыктуу адамдар жокпу? Коомчулукка мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Өкмөт башчылыкка жаш, жаңы идеялары менен экономикада, башка тармакта секирик жасай ала турган адам келиши зарыл, болбосо кийинки шайлоолордо азыркы бийликте отурган партиялардын тагдыры оор болуп калышы мүмкүн”,- деди Тербишалиев.

Депутат жаңы өкмөттүн алдына так максаттарды коюп, премьер-министрге жоопкерчилик сезгидей катуу талаптарды коюу керектигин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан