28-мартта Бишкекте маданият тармагына салым кошкон 4 кызматкерге Т.Сатылганов атындагы ТҮРКСОЙ медалы тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган сыйлык драматург Бексултан Жакиевге, акын Омор Соороновго, төкмө акын Элмирбек Иманалиевге жана көзү өтүп кеткен мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновго ыйгарылмакчы.
Белгилей кетсек, эл аралык "ТҮРКСОЙ" уюму 2014-жылды Т.Сатылгановдун жылы деп жарыялап, учурда түрк тилдүү өлкөлөрдө акындын 150 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө.