Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти менен эки мамлекет ортосундагы кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулады

Алмазбек Атамбаев 26-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөө, соода-экономикалык, инвестиция, суу-энергетика жана маданият тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Ошондой эле бирдиктүү кыргыз-казак инвестициялык багыттагы ишмердүүлүк талкууга алынды. Нурсултан Назарбаев менен Алмазбек Атамбаев Евразия мейкиндигиндеги сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилешти. Алмазбек Атамбаев мамлекеттердин ар кайсы тармакта кызматташуусун бекемдөө зарыл экенин айтты. 

Нурсултан Назарбаев 2011-жылга салыштырмалуу өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу 41 пайызга өсүп, 1 миллиард долларга барабар болгонун кошумчалап, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги жыйын өткөрүп, атайын комиссия түзүү керектигин айтты. 

Тараптар коомчулуктагы эл аралык маселелерди, аймактардагы коопсуздукту талкуулашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан