Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу борборуна кошумча 250 миң сом каражат бөлүндү 

Бүгүн, 27-мартта Ош шаардык мэриясынын имаратында депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат. 
Анда жергиликтүү бюджет каралып, айрым мекемелерге кошумча акча каражатын бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү. Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 250 миң сом бөлүндү. Ал каражат карантиндик жана өтө кооптуу, жугуштуу оорулар катталган учурда профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга сарпталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан