Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 26-мартта өзүнүн интернеттеги баракчасына “Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча программа жакынкы арада шаардык кеңешке жана коомчулукка жарыяланат” деп жазып чыкты. Анын айтымында, учурда аталган программа боюнча иштер соңуна келип калды. Мэр жарандардан өз пикирин берүүнү суранды.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 15-январында Кубанычбек Кулматов борбордун мэрлигине шайланып жаткан учурунда "биздин кылган ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын 90 күндүн ичинде көрө аласыздар" деп убада берген.