Турсунбай Бакир уулу: “Жума күндү дем алыш деп жарыялоо боюнча менин мыйзамыма өкмөт бир жылдан бери жооп бербей жатат”  

ЖКнын 27-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу демилгелеген мыйзам долбоорлор белгисиз себептерден улам каралбай жатканын айтып чыкты. Айтымында, жума күндү дем алыш кылып жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору бир жылдан бери каралбай токтоп турат. “Баарыбыздын тилибиз, динибиз бир. Дискриминацияны токтотолу. Жума күндү дем алыш күн деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорум боюнча комитет өкмөткө кайрылган экен. Өкмөт бир жылдан бери жооп бере элек, эмне, алар жооп бербесе менин мыйзамым каралбай калышы керекпи?”- деди Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан