Жогорку Кеңеште бүгүн, 27-мартта мигранттардын маселеси каралмак. Бирок өкмөттүн өкүлү эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкуловдун ооруп, тармакты башкарган вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Камила Талиеванын иш сапарда экенин айтып, маселени кароодон алып салууну сунуштады. Бул сунуш депутаттардын нааразычылыгын жаратты.
Депутат Дамира Ниязалиева: “Мигранттар маселеси боюнча Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү бир жылдан бери жыйынга чакыра албай келдик. Сатыбалдиев кетти, эми өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев келип, миграция боюнча көз карашын айтса эмнеге болбосун? “Ооруп калды, командировкада” деген - шылтоо. Бул маселе сөзсүз каралышы керек”,- деди.