“Мигранттардын маселеси боюнча кыргыз өкмөтү эч нерсе жасабай жатат”,- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева ЖКнын 27-марттагы жыйынында. Депутаттын билдиришинче, кыргызстандык 49 миң жаран Орусияда “кара тизмеге” кирип калган.
“Бул маселе боюнча өкмөттөн бир да ишти сууруп чыга албай жатабыз. Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарбай жатат. Депортация болгон жарандар аты-жөнүн алмаштырып, башка паспорт менен кайра кетип жатышат. Бул кылмыш, муну токтотушубуз керек”,- деди депутат.