Ош шаардык кеңешинин депутаты "Боорукердик" жатак-үйүнүн жетекчилигинин ишин сынга алды

Бүгүн, 27-мартта Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат. Анда шаардагы "Боорукердик" жатак-үйүнүн коргоого муктаж болгон жарандарды тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери талкууга алынды.

КСДП фракциясынан депутат Гүлсара Эсенбаева аталган интернаттын жетекчиси Бермет Токтосунованын жасаган иштерин сынга алып: "Ошол жакта жашап жаткан карылардын абалын көрүп коркосуң. Алардын абалы өтө начар. Жетекчисинен эмнеге булар мындай абалда калганын сурасаң, жарытарлык жооп берген жок. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин айтканбызда, ал медиктерге муктаж эместигин билдирди. Ал эми андагы бөлмөлөрдүн абалын сөз менен айтуу мүмкүн эмес. 

Бул "Боорукердик" үй-интернатында атына жараша эч бир алгылыктуу иш аткарылбаптыр. Жаш балдардын жүзүнөн көрүнүп турат",- деди.

Ал эми аталган интернаттын жетекчиси детутат барганда "Боорукердик" мекемесинин ачылганына 1 ай 10 күн болгонун айткан. Интернатта 29 кары жана 29 кароосуз калган бала жашап жатканы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан