“Жоомарт Оторбаев премьер-министр болом десе, парламенттин бүгүнкү жыйынынан пайдалансын” дешти депутаттар

Жогорку Кеңештин 27-марттагы жыйынында депутаттар миграция маселесин кароого премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынына келип катышуусу керектигин айтышты. Анвар Артыков: “Жоомарт Оторбаев премьер-министр болом деп жатат. Эгер министрлер кабинетин жетектейм десе, бүгүн келип трибунадан пайдалансын. Миграция маселеси боюнча көз карашын айтсын. Алиясбек Алымкулов ооруп калса, министрдин орун басары бар. Бул маселени бүгүн сөзсүз карашыбыз керек”,- деди.

Айта кетсек, бүгүн парламентте миграция маселеси боюнча өкмөттүк саат өтмөк. Бирок негизги баяндамачылардын жоктугунан бул маселе түштөн кийинкиге жылдырылды. Ага чейин баяндамачылар ЖКга чакырылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан