ЖКнын 27-марттагы жыйынында депутаттар жаңы премьер-министрди жумшак рейтинг аркылуу шайлоону сунушташты. Депутат Роза Акназарова “Ар бир фракция өз талапкерин көрсөтүп, татыктуусун шайлайлы. Парламенттин алдында чоң жоопкерчилик турат” десе, депутат Данияр Тербишалиев өкмөттү түзүү процесси коомчулукка ачык болушу керектигин билдирди.
“Партиялардын гана өкүлү эмес, башка талапкерлерди да карайлы. Жаңы өкмөткө жаңы адамдар келбесе, элде нааразычылык күчөйт. Жаштарга орун берели, реформа жасай ала турган өкмөт келсин”,- деди Тербишалиев.