Нариман Түлеевдин атасынын мүлкүн конфискациядан чыгарган судьяга Башкы прокуратура иш козгоптур

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин атасынын мүлкүн конфискациядан чыгарган судьяга Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Муну парламенттин 27-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Депутаттын билдиришинче, ал Биринчи Май райондук сотунун судьясы Бактыгүл Алымкулова.

“Судья мага кайрылып ыйлап жатат. “Мыйзам чегинде чечим чыгарсам, мага прокуратура иш козгоду” деп билдирди. Ишенбей “Куранды кармап айта аласыңбы?” десем, “балдарымдын атынан касам ичем” деп жооп берди. Кайсы эне балдары үчүн ант бермек эле? Таза иштеген судьяларды колдойлу. Адилет чечим чыгарганы үчүн судьяга иш козголбошу керек”,- деди Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан