Кылмышкердин колунан каза тапкан Камила Дүйшөбаева боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү

Парламенттин 27-марттагы жыйынында депутаттар коомдук коопсуздук маселесин көтөрүштү. Депутат Бакыт Төрөбаев Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөй албай калганын билдирип: “Жарандар түнкүсүн көчөдө эркин жүрө албай калышты. Көчөдө атышуулар болуп жатат. Жакында Камила Дүйшөбаева аттуу кыз жоголуп, жансыз денеси Байтик айылынан табылды. Кылмышкерлер табыла элек”,- деди.

Төрөбаев кылмыштардын өсүшүнө жакында мунапыс аркылуу абактан бошотулгандардын тиешеси болушу мүмкүн экенин айтат.

“Кайрадан кылмышка барбаш үчүн аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек болчу”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан