Жогорку Кеңештин 27-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу экс-министр Равшан Сабировду мыйзамсыз соттогон судьяны жоопко тартууну сунуштады. Депутат чыгарган чечими үчүн жоопко тартылган судьяларды мисал келтирди. “Акаевдин убагында “калктын 80 пайызы сотторго ишенбейт” деген сөз чыкканда, мен акыйкатчы катары “калктын 99 пайызы сотторго ишенбейт” деп айткан элем. Жакында 3 депутатты актаган судьялар иштен айдалды. Жок берене боюнча Сабировду соттогон судьянын жоопкерчилигин караш керек”,- деди депутат.