Бишкекте 28-мартта балет өнөрү боюнча биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-марттагы маалымат жыйынында аталган фестивалдын уюштуруучулары билдиришти.
Фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "DZENIM" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Швеция мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышат. Фестивалдын алкагында 28-март күнү “Корсар” балетин көрсөтүү пландалууда.
Аталган иш-чаранын максаты – Кыргызстандагы балетке коомчулуктун көңүлүн буруу, балет өнөрүн аркалагандардын ортосундагы карым-катышты бекемдөө.