Бүгүн, 27-мартта ЖКнын депутаты Дастан Бекешев “Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө” КРнын мыйзамы аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган мыйзам долбоору кабыл алынган, бирок бир катар министрликтер аны аткарбай келишүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттарды алуу жана кароо боюнча иш алып барбай жатканын белгилеп, аткарбагандардын катарында Саламаттыкты сактоо министрлиги бар экенин айтты.
"Мыйзам долбоордун аткарылбай жатканын түшүнбөйм. Ага акча каражаты деле талап кылынбайт. Ал үчүн расмий түрдө почта ачуу менен документтерди кабыл алуу керек”,- деди депутат.