Кыргызстанда 2013-жылы 152 487 наристе төрөлдү, бул 2012-жылга салыштырмалуу 5175 ымыркайга көп. Маалыматты ЖКнын 27-марттагы жыйынындагы өкмөттүк саатта депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Депутаттын айтымында, өлкөдө жылдан-жылга төрөттүн саны өсүүдө. “Чүй, Ысык-Көл облустары боюнча ооруканалардын абалын текшерип чыктык. Башка ооруканаларды текшере алган жокпуз, бизге кысымдар болду”,- деген депутат айрым ооруканалардын имараттары мамлекеттик ишканалардын бөлүмдөрү үчүн ижарага берилип кеткенин кошумчалады.