Менчиктештирилип кеткен ооруканалардын жерлерин кайтарып алууга саясий эрк керек. Муну парламенттин 27-марттагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Анын билдиришинче, менчикке өтүп кеткен бала бакчалар учурда саясий эрк менен артка кайтарылууда. “Ооруканалардын жерлери боюнча да ушундай аракет керек. Мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди эмне үчүн сот аркылуу кайтарып алууга болбойт?”- деди депутат.