Жогорку Кеңеш мигранттардын маселесин кароону башка күнгө жылдырды. Мындай чечим парламенттин 27-марттагы жыйынында кабыл алынды. Төрага Асылбек Жээнбеков эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Камила Талиева жок бул маселени кароо туура эмес экенин билдирди. "Талиева командировкада, Алымкулов ооруканада экен. Аны көтөрүп жыйынга алып келгени менен деле суроолорго жооп бере албаса керек" деген төрага бул маселени жаңы өкмөт менен кароону сунуштады.
Бирок депутаттар каршы чыгышты. "Эмнеге жаңы өкмөт менен карайбыз? Алар жаңы келгенин шылтоо кылышып, эч нерсеге жооп бере алышпайт. Азыркы курамдан сурап кылышыбыз керек",- деди Курмантай Абдиев. Сунуштардан кийин маселени башка күнү, бирок жаңы өкмөт дайындалганга чейин кароо чечимине келишти депутаттар.