Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри болуп турганда Ош шаардык төрөт үйүнө караштуу жерди ижарага берип жибергени айтылды. Муну бүгүн, 27-марттагы парламент жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев айтып чыкты. “Ачык эле айталы, маалыматтар боюнча, ал жердин ижарага берилип кетишинин башында Жантөрө Сатыбалдиев турат”,- деди депутат.
Маселе боюнча демилге көтөрүп чыккан депутат Дамира Ниязалиева муну жокко чыгарган жок. “Ооба, ал жер боюнча коррупциялык иштердин артында ошол кездеги Ош шаарынын мэри турган, ал учурда Жантөрө Сатыбалдиев мэр болчу. Ал жер Сатыбалдиевдин жакындарына берилгени тууралуу сөздөр бар”,- деди ал.
Парламенттеги өкмөттүк саатта менчиктештирилип кеткен ооруканалардын жерлери боюнча маселе каралууда.
Айта кетсек, Ж.Сатыбалдиев 2001-2003-жылдары Ош шаарынын мэри болуп турган.