“Ооруканага караштуу аймактан ижарага жер алып, кайра сатып жибергеним чын”,- деп билдирди депутат Нарынбек Молдобаев ЖКнын 27-марттагы жыйынында. Депутаттын билдиришинче, жерди №2-төрөт үйүнүн жанынан алган.
Айта кетсек, жыйында мыйзамсыз менчиктештирилип жана ижарага берилип кеткен ооруканага караштуу жерлер боюнча баяндама жасаган депутат Дамира Ниязалиева буларды билдирген эле:
“Бишкектеги төрөт үйүнө караштуу 0,32 гектар жер 2006-жылы мэр Медетбек Керимкуловдун токтому менен соода жана медициналык борбор куруу үчүн 49 жылга Нарынбек Молдобаевге ижарага берилген. Андан кийин мэр Арстанбек Ногоевдин токтому менен жердин аянты 0,39 гектар болуп кеңейтилген. Ал эми 2008-жылы мэр Данияр Үсөновдун токтому менен Молдобаев сатып жиберген”.
Жыйында отурган депутат Молдобаев “ооба, ал жерди алып, кайра 9,2 миллион сомго саткам” деди.
Мындан кийин депутат Ниязалиева “мен сиз экениңизди билбептирмин, аты-фамилиясы окшош бирөө го деп ойлогом” деген жооп узатты.