Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, бүгүнкү жыйында депутаттар 1-2-3-окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна добуш беришет. Бирок добуш берүү учурунда компьютерлер иштебей, процесс токтотулду.
“Техникалык кемчиликтен улам 5 мыйзам долбооруна добуш берилбей калды. Шашылыш жок, кийинки аптада добуш беребиз. Мындан эч нерсе деле болбойт”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков.