Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеш мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жана ижарага берилген ооруканаларга таандык жерлерди жана имараттарды мамлекетке кайтарып алуу боюнча токтом кабыл алды. Токтомдо мыйзамсыз бирөөнүн колуна өтүп кеткен жерлерди кайтаруу сунушу менен кошо “имараттарды жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө же ижарага берүүгө катыштыгы бар жооптуу кызматкерди жоопкерчиликке тартуу” пункту камтылды. Бул пункттун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Башкы прокуратурага жүктөлдү. Токтомго 60 депутат “макул”, 20 депутат “каршы” деп добуш берди.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында депутаттар, айрым маалыматтар боюнча, Ош шаардык төрөт үйүнө караштуу жерди ижарага берүүгө ошол кездеги шаар мэри Жантөрө Сатыбалдиевдин катыштыгы бар экенин билдиришти.