Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана анын орун басарларын Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын сунушу менен кызматтан бошотуу демилгесин четке какты. Тийиштүү мыйзам долбоору ЖКнын 27-марттагы жыйынында өтпөй калды.
Депутат Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, иштеп жаткан мыйзамда БШК төрагасынын жана анын орун басарларынын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби камтылбай калган. Мыйзамдын БШК жетекчилери ыйгарым укуктары бүтө электе өз милдеттерин аткаруудан БШК мүчөлөрү бошотулган жагдайда бошотуларын караган беренеге тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталган эле.