Жоомарт Оторбаев 21-кылымда жашаган өлкөдө 30 миңдей баланын мектепке барбаганы акылга сыйбаган көрүнүш экенин айтты

Бүгүн, 27-мартта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы балдардын жашоо шарты боюнча өткөн улуттук кеңешмеге катышты. Ал мамлекет тарабынан балдарга жана үй-бүлөлөргө камкордук кылуу негизги маселе экенин белгилеп, экономикалык кырдаал толук кандуу кам көрүүгө тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтты.

"Биз үй-бүлөдөгү баалуулуктардын биринчи орунда болушун негизги максатыбыз деп айтабыз. Айрым аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке барбаган учурлар кездешип жатат. Интернатта жашаган балдардын 80 пайызынын ата-энеси бар”,- деди ал. 

Ошондой эле 21-кылымда жашаган мамлекетте 30 миңге чукул баланын мектепке барбаганы акылга сыйбаган көрүнүш экенин белгилеп өттү. Расмий маалыматтарга караганда, 2,5 миң бала тилемчилик кылат, расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүч андан да көп болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан